Армрестлинг боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Армрестлинг боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Армрестлинг (кол күрөш) боюнча республиканын чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Турнир 27-28-март күндөрү Таш-Көмүр шаарында өтүп, ага өлкөнун бардык аймагынан келген 307 спортчу катышкан. Чоңдор арасында 8 салмакта, кыз-келиндер арасында 3 салмакта күч сынашса. Жаштар арасында 7 салмакта, кыздар арасында 6 салмакта мөөрөй талашкан.

Командалык эсепте — Жалал-Абад биринчи, Ысык-Көл экинчи жана Чүй облусу үчүнчү орунга жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>