Арнолд Шварценеггердин ойношунан төрөлгөн баласы өзүнө куюп койгондой — фото

Арнолд Шварценеггердин ойношунан төрөлгөн баласы өзүнө куюп койгондой — фото

Арнолд Алоис Шварценеггер Австрия жана Американын актеру, продюсер, бизнесчи, инвестор, жазуучу, филантроп, активист, саясатчы жана профессионал культурист. 2003-2011-жылдары эки мөөнөт бою Калифорния штатынын губернатору болгон.

Шварценеггер 15 жашынан баштап булчуңдарды машыктыруучу спорт менен алектене баштаган. 20 жашында Mr. Universe наамына татыган жана Мистер Олимпия культуристтер сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Шварценеггер азыркыга чейин культуристтер чөйрөсүнүн эң көрүнүктүү спортчусу болуп эсептелет, ошондой эле ал бул спорт жөнүндө бир канча макала жана китептерди жазган.

Биз бүгүн Арнолд Алоис Шварценеггердин карьерасы, бизнеси тууралуу кеп кылбайбыз. Анын балдары жөнүндө  чет элдик маалымат булактарына шилтеме берүү менен жазабыз.

1986-жылы Шварценеггер биринчи жубайы менен Мария Шрайвер менен баш кошкон. Мария Шрайверден 4 балалуу болгон. Бирок Арнинин 5 баласы бар экени коомчулукка маалым. Бешинчи баласы кимден? деген суроо туулат. 1996-97-жылдары Шварценеггер үй кызматчысы Милдред Баена менен жакын мамиледе болуп, бешинчи балалуу болот. Тактап айтканда, Арни атактуулугунан пайдаланып, жубайынын көзүнө чөп салууга да жетишкен.

Арнолд Алоис Шварценеггердин никедеги официалдуу аялынан балдары:

Кэтрин Юнис Шварценеггер 1989-жылы туулган; Кристина Мария Аврелия Шварценеггер 1991-жылы туулган; Патрик Шварценеггер 1993-жылы туулган; Кристофер Шварценеггер 1997-жылы туулган.

Кэтрин Юнис Шварценеггер 29 жашта. Коомчулукка көп чыгууну каалабайт. Ошол себептен адвокат болуу кесибин тандап алган. 2010-жылдан баштап китеп жазат. Учурдан анын жарык көргөн 3 китеби бар. 2018-жылы Кэтрин АКШлык актер Кристофер Майкл Прэтт менен жолугушуп, 2019-жылы ага турмушка чыккан.  

Кристина Мария Аврелия Шварценеггер 28 жашта. Кристинанын жашоосу тууралуу маалымат жокко эсе. Ачык булактарда Кристина 2013-жылы Джорджтауна университетин артыкчылык менен аятаганы тууралуу гана маалымат бар.

 

Патрик Шварценеггер 26 жашта. Патрик атасынын жолун жолдогон. Ал учурда ийгиликтүү фотомоделдердин бири болуп саналат. Анын эсебинде 9 фильмде башкы ролдорду жараткан.


Кристофер Шварценеггер 22 жашта.
Кристофер толук болгондугуна байланыштуу анын жашоосу коомчулукта талкууну көп жаратат. Ал 13 жашынан баштап денесин май басуу (семирүү) менен жабыркап келет.

 

 


Көңүлдөшүнөн бир баласы бар:
Джозеф Баена 1997-жылы туулган.

 

Джозеф Баена дагы 22 жашта. Ал Шварценеггердин никесиз аялынан төрөлгөн. 2011-жылы Арни биринчи аялынан кечирим сурап, Джозеф үй кызматчысынан төрөлгөн бала экенин ачыктаган. Учурда Джозеф бодибилдинг менен машыгат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>