Арслан Койчиев президентке кеңешчи болду

Арслан Койчиев президентке кеңешчи болду

Арслан Койчиев президентке кеңешчи болуп дайындалды.  Бул тууралуу президенттин басма сөз казматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Койчиев Арслан Капайовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындоо тууралуу Жарлыкка бүгүн, 3-февралда Садыр Жапаров кол койгон.

Арслан Койчиев 1965-жылы 29-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында туулган.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантураны, Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты.

1991-1993-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылына (КДК) мүчө болгон.

1994-96-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.

1996-2010-жылдары ал Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>