Кыргызстандын ири жана уникалдуу Арсланбап жаңгак токою кейиштүү абалда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, токой бузулуу процессинде жана анын кайра калыбына келиши күмөн.
«Ооба андай коркунуч бар. Жаңгак токою карыды. Азыр жашартуу иштери жүрүп жатат. Аны күчөтүү зарыл болуп турат. Анткени токой карыган кезде түшүм азайып, ооруларга көп чалдыга баштайт»,- деп айтты токой чарбасынын директору Мираслав Аманкулов.
Нуржигит Кадырбеков мындай темп менен Кыргызстандагы токойлор 150 жылдан кийин толугу менен жок болорун белгиледи.
Депутат Таалайбек Масабиров дагы Арсланбапда жаңгактарды курт жеп жатканын айтты.
Өлкөнүн аянтынын 6 пайызын токойлор түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз