Артем Новиков Баткендеги өткөрүү пункттарына күтүүсүз текшерүү менен барды

Артем Новиков Баткендеги өткөрүү пункттарына күтүүсүз текшерүү менен барды

Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кызыл-Бел-Автожол жана Кайрагач-Автожолунун өткөрүү пункттарында белгиленген графиктен тышкары иш сапары менен болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган өткөрүү пункттарын кыдыруу учурунда текшерүү комплексинин жана видеобайкоонун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталды.

Премьер-министр Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, толук текшерүү үчүн аталган өткөрүү пункттарына жөнөтүүнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>