Site icon Reporter.kg

Артём Новиков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

Артем Новиков

Азиз Аалиев Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анын орудуна Артём Новиков 3 жылдык мөөнөткө Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Алиев кызматтан Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык алынган.

Exit mobile version