Артисттер менен активисттер депутаттардын үйүнө жарамазан айтып барды – видео

Артисттер менен активисттер депутаттардын үйүнө жарамазан айтып барды – видео

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаевдин үйүнө жана Алтынбек Сулаймановдун кеңсесине маданият өкүлдөрү жана активисттер  жарамазан айтып барды.

Жарамазан айткандар  чогулган каражатты кайрымдуулук катары Бишкектин четиндеги жаңы конуштарга көчмө мектеп уюштурууну көздөп жатышканын айтышкан.

Депутат Алтынбек Сулайманов жарамазан айтып келген коноктордун ар бирине  Ника Гилауринин кыргыз жана орус тилдерине которулган “Практикадагы экономика” китебин берип, алардын көчмө мектеп уюштуруу демилгелерине колдоо катары акчалай салым кошкон.

Депутат Жанар Акаев дагы алардын демилгесин колдоп, колунан келген жардамын көрсөткөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>