Site icon Reporter.kg

Артур Цветков кыргыз мигранттан кечирим сурады, – видео

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттан кечирим сурап, арызын артка кайтарып алууну убадалады.Бул тууралуу КТРКнын Орусиядагы кабарчысы Мирбек Молдакунов фейсбук баракчасына жазып, видео жарыялады.

Эске сала кетсек, 11-августта Vj Archi атту лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде кыргыз мигрантты сөгүп, аягында кол көтөргөн.
Жаңжалга тез-татым саткан жайга Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы мушташка айланган.

Кийин Артур Цветков инстаграм баракчасы аркылуу аталган окуя тууралуу пикирин айтты. Анда ал тез-татым жайынын ээси кечирим сурагандыгын айтып, “Бир нерсе жакпагандар силерди мекениңер күтүп жатат”, – деп билдирүү калтырган.

 

Exit mobile version