Site icon Reporter.kg

Артём Новиков ата-энеси ким болуп иштегенин айтты

«TV1KG» каналынын  «Оор күндүн кечи» берүүсүндөгү түз эфирде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ата-энеси кайда иштегенин айтты. 

Анын айтымында, атасы деңиз капитаны, ал дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып келген.

«Бирок мен төрөлгөндөн бери (постсоветтик мезгил) башка өлкөлөрдө иштеп, ишкердик менен алектенип келген. Апам гимнастика боюнча машыктыруучу», — деди Новиков.

Ошондой эле, Новиков өз кезегинде баскетбол ойногонун, математиканы жакшы көргөндүктөн банк кызматкери болууну каалагандыгын, бирок мамлекеттик кызматка барууну чечкенин билдирди.

Exit mobile version