Site icon Reporter.kg

Арыс шаарынын тургундары Чымкеттин жолун тороп алышты

Арыс шаарынын тургундары “бийлик жардам бербей жатат” деп  Чымкентте жолду тороп алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Наразы болгон эле, Арыс шаары коопту экенин айтып, бийликтен Шымкент шаарынан үй берилишин талап кылышууда.

Чогулган элдин алдына Чымкенттин акими Габидолла Абдирахманов чыгып, алардын талабына жооп берди.

«Сиздер Чымкенттен үй берүүнү сурайсыздар. Чымкентте 130 миң адам үй алуу үчүн кезекке турган. Арасында майыптар, жакыр үй бүлөөлөр жана көп балалуу энелер бар. Силерге үй берип салып аларга эмне деп айтам. «Мен силерге бербейим, Арыстын тургундарына берем” дешим керекпи? Арыс жакшы шаар.  Эртең ок-даарылар тазаланып, көчүрүлөт,  Баары оңдолуп, жаңы үйлөр салынат”, — деп жооп берген аким.


Белгилей кетсек,  24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы  курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, шаар тургундары  коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан  оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 90го жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.

Exit mobile version