«Арзан белек үчүн» студенттерин опузалаган мугалим иштен алынды

«Арзан белек үчүн» студенттерин опузалаган мугалим иштен алынды

Өзбекстанда 8-мартка карата 300 миң сумдук (30 долларга жакын) белек берген студенттерин опузалаган Бухара мамлекеттик университетинин окутуучусу иштен алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги кабарлады.

Буга чейин окуя жөнүндө блогер Умид Гафуров өзүнүн Telegram-каналына жазып, министрликти окутуучуга карата чара көрүүгө чакырган.

«8-мартка карата университеттин башталгыч класстарга билим берүү факультетинин студенттери кураторго гүл жана 200 миң сум (19 доллар) беришкен. Мындай учурга кабылган башка студенттер да мага кайрылса болот. Билим берүү системасын чогу оңдойбуз», — деп жазган ал.

Билим берүү министрлиги блогердин билдирүүсүнөн кийин териштирүү иштери жүрүп, мугалим менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылганын кабарлады. Мындан тышкары мекеме социалдык түйүн колдонуучулары менен студенттерге «коомдук көзөмөлү» үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>