Site icon Reporter.kg

Арзыбек Кожошев: «Жалпы рынок чек аралык электр энергия соодасына тең мүмкүнчүлүк берет»

ЕАЭБнин 2025-жылдагы Евразиялык экономикалык форумунун алкагында «ЕАЭБнин жалпы электроэнергетикалык рыногу – келечекке көз караш» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чара евразиялык «бештиктин» мамлекеттеринин электроэнергетика тармагындагы рынокторун интеграциялоо келечегине арналды.

«Жалпы рынок чек аралык электр энергия соодасына тең мүмкүнчүлүк берет, өз ара сооданын көлөмүн жана ыкмаларын кеңейтет, мүчө мамлекеттердин энергетикалык системаларындагы жүктөм графигин теңдөөгө жана электр энергиясын ашыкча өндүрүүчү кубаттарды куруудан баш тартууга мүмкүндүк берет. Бул Биримдикке мүчө мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугун жогорулатат», – деп белгиледи саламдашуу сөзүндө ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

Сессиянын катышуучулары ЕАЭБнин жалпы электроэнергетикалык рыногунун укуктук базасынын түзүлүшүндө жетишилген ийгиликтерди белгилешти. Ошондой эле алар ички электр энергия рынокторунун реформаланышы жана өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн карап чыгышып, интеграция шартындагы реалдуу сектордун жана мүчө мамлекеттердин ишкер коомчулугунун өнүгүү келечегин жана артыкчылыктарын аныкташты.

«Бүгүнкү күнгө карата рыноктун иштешине байланыштуу дээрлик бардык укуктук база бекитилди, регламенттери менен кошо кошулуу келишиминин долбоору негизинен даярдалган. Ошол эле учурда, рыноктун түзүлүшү жана иштеши боюнча келишимде көрсөтүлгөн жана эрежелерде чагылдырылган принциптерди сактоо өтө маанилүү, анткени электроэнергетика реалдуу секторго чоң таасир этет», – деп кошумчалады Арзыбек Кожошев.

Иш-чарага 50дөн ашуун тармактык уюмдардын жетекчилери жана адистери катышып, ишкер чөйрөнүн жана жөнгө салуучу органдардын жалпы электроэнергетикалык мейкиндикти түзүүгө кызыгуусу жогору экенин тастыкташты.

Дискуссияга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрликтери, ошондой эле инфраструктуралык жана биржа уюмдарынын жетекчилери жана эксперттери катышты.

Exit mobile version