Site icon Reporter.kg

Асел Кадырбекова: Мени коркутуп жатышат

Асел Кадырбекова ага коркутуулар болуп жатканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ырчы айымдын айтымында, коркутуп жаткан адам ким экенин билет жана коркутуу улана берсе анда тийиштүү чара көрүлөт.

«Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айткан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат», — деп билдирүү калтырды Асел Кадырбекова.

 

Exit mobile version