Site icon Reporter.kg

Асел Кадырбекова: Жамандыктын баары артта калды

Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан кийин социалддык баракчасына биринчи үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөдү.

“Жашообузда жалаң гана жакшылыктар болсун. Жамандыктын баары артта калды”,- деп билдирүү калтырган ырчы. 

Белгилей кетсек,Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн.  Август айында ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кырсыкка себепкер болгон жигитти Нурлан Насип кечиргенин жана асел Кадырбекованын апасы тосмо арыз жазганы маалымдалган.

 

Exit mobile version