Site icon Reporter.kg

Асель Кадырбекованын апасы: Кызым пост жаза турган акыбалда эмес

Ырчы Асель Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева кызынын Инстаграммдагы баракчасындагы салонду жарламалаган постту өзү жазганын айтып, билдирүү жарыялады

Ал өзүнүн билдирүүсүндө, элдин терс өңүттө жазылган пикирлеринен жүрөгү ооруп жатканын жашырган эмес.

 “Кызым ооба, ооруканадан аман-эсен чыкты, Кудайга шүгүр, реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам. Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет карап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек Ал эми “салонду жарнама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң” дегендерге: Салонду жарнама кылуу менин ишим. Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, “энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!”. Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле. Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот. Эчкимди “балам” деп сыздатпасын. Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграмга кирбей эле коюңуздар, өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө батпаңыздар”, — деп жазган ырчы Асель Кадырбекованын апасы.

Асел Кадырбекова  26-июнда Toyota Camry унаасы менен баратып, Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө вкчам аракетке келчү топтун унаасы менен кагышкан.

Кырсыктан жаракат алган ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда бир нече күн оор абалда жатып, август айынын башында үйүнө чыккан.

Exit mobile version