Асел Кадырбекованын унаасын сүзгөн айдоочуга карата сот чечими чыкты

Асел Кадырбекованын унаасын сүзгөн айдоочуга карата сот чечими чыкты

Ырчы Асел Кадырбекова катышкан автокырсыкка байланыштуу «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун унаасынын айдоосусуна карата сот чечими чыкты. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Свердлов райондук соту чыгарган чечимге ылайык, күзөт кызматынын 25 жаштагы айдоочусу бир айга СИЗО-1ге камакка алынат. Учурда шектүү милиция кызматкеринин кайтаруусунда ооруканада  жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган”, – деп билдирди шаардык милициядан.

26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун машинеси менен Асел Кадырбекова башкарып бараткан “Тойота Камри 50” үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан. 

Учурда ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун  жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>