Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине экинчи ирет сурак берүүгө кирип кетти.
Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина 9-август күнү да ИИМге сурак беришкен. Алар 6 саатка созулган сурактан кийин чыгарылган.
Белгилей кетсек, Кодуранова 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкта күбө катары суралып жатканын 9-августта тастыктаган. Ошондой эле ал журналисттерге кошумча маалымат берүүгө укугу жок экенин айткан. Себеби ал сурак учурундагы маалыматтар сыртка чыкпасын деген милдеттеме алган.