Ашууларда кардын калыңдыгы кандай? ӨКМ билдирет

Ашууларда кардын калыңдыгы кандай? ӨКМ билдирет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-ноябрга карата өлкөнүн негизги жолдорунда ашуулардагы  каардын бийиктиги тууралуу маалымат таратты.

Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабында 15-55 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.

Өтмөк — Талас унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-37 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.  

Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-42см түзөт.

Бишкек — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-28 см түзөт. Жол ачык.

Каракол — Эңгилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-18 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 2-12 см түзөт.

Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-26 см түзөт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>