Site icon Reporter.kg

Аскар Акаев экс-президент макамын кайтарууну көздөп жатат

Аскар Акаев

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдоду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге парламенттин басма сөз кызматынан ырасташты.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган. Акаев өлкөдөн качып, Москвага кеткен. Кийинчерээк кызматын тапшырган.

Арадан 16 жыл өткөңдөн кийин 2021-жылы Акаев Кыргызстанга кайтып келген. Ал Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү кабарланган. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен.

2023-жылдын башында Башкы прокуратура Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иш жоопко тартуу мөөнөтү өткөндүктөн жабылганын билдирген.

Акаев россиялык басылмаларга курган маектеринин биринде пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген.

Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтууну пландап жатат

Exit mobile version