Site icon Reporter.kg

Аскар Акаев: Садыр Жапаров позитивдүү киши

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Казакстандын  Tengrinews.kz маалымат агенттигине маек берип жатып учурдагы президент Садыр Жапаровго баа берип, аны позитивдүү киши деп атаган.

Ал журналисттиен “Аскар Акаевич, Садыр Жапаров сизге кандай таасир калтырды?”-деген суроосуна жооп берди.

Жакшы. Ал конструктивдүү, позитивдүү адам, кандайдыр бир жол менен Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдыргысы келет, ушул максатта Кумтөрдү алган. Азыр алар чоң ТЭЦти кура башташты, анткени Кыргызстанда ансыз деле энергетикалык кубаттуулуктар жетишсиз. Бир кезде экспортер болгонбуз, 90-жылдары да, 2000-жылдардын башында Казакстанга, Өзбекстанга электр энергиясын экспортточубуз… Ал эми бүгүн Кыргызстан импортер болуп калды. Тескерисинче, электр энергиясы жетишсиз. Ошондуктан электр станциясын куруу абдан маанилүү”-деп жооп берди.

Буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга келип Кумтөр маселеси боюнча сурак берип кеткен. Садыр Жапаров Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алууда Аскар Акаевдин ролу чоң экенин белгилеген.

Exit mobile version