«Дордой Ассоциациясы» ардактуу президенти Аскар Салымбековго «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Салымбековго аталган сыйлык социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн берилди.