Аскар Салымбеков Кытайга жардам катары 50 миң беткап жөнөтөт

Аскар Салымбеков Кытайга жардам катары 50 миң беткап жөнөтөт

«Дордой» ассоциациясынын президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков Кытайга жардам катары 50 миң беткап жөнөтөт. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

“Коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз. «Дордой» ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 миң маска алып, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшыруу чечимин кабыл алды”, — деп жазган Салымбеков.

Ошондой эле ишкер илдетке чалдыккандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалаган.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайдын Ухань шаарынан тараган  өпкөнү сезгентүүчү жаңы коронавирустан 490 адам  өлүп, 24 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Ал эми  25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>