Site icon Reporter.kg

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлыкта айтылгандай, Жаныбеков башка кызматка дайындалат.

Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы февраль айында министр кызматына дайындалган.

Exit mobile version