Site icon Reporter.kg

Аскат Алагозов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Алагозов Аскат Жумакадирович президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал Беларуска элчи болуп кеткен Эрбол Султанбаевдин ордуна барды.

Учурда ал президенттин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан. Мурда мамлекеттик “Пирамида” телеканалынын директору кызматын да аркалаган.

Президенттин маалымат катчысы элчи болуп дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version