Site icon Reporter.kg

Аскат Жетигенден иши боюнча сот кийинкиге жылды, жактоочусу иштеги чекиликтерди айтты

Бүгүн, 13-мартта Жогорку сотто акын Аскат Жетигендин иши каралып, отурум кийинкиге жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 1-июлда Свердлов районунун соту Аскат Жетигенди «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актап, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот акынды 3 жылга эркинен ажыраткан. Кийин шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылган.

Бүгүнкү соттук отурумда акындын жактоочулары Самат Матцаков менен Нурбек Токтакунов сүйлөдү.

Матцаков Аскат Жетигенди «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» боюнча күнөөлүү деп табууга негиз болгон видеосу 2021-жылы ноябрда тартылганын, ал кезде 2017-жылдагы Кылмыш кодекси күчүндө болгонун, бирок кылмыш иши 2022-жылы февралда 2021-жылдагы жаңы Кылмыш кодекси боюнча козголгонун белгиледи. Ал кылмыш иши эски кодекс боюнча козголушу керек болгонун билдирди. Себеби эски жана жаңы кодексте «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча жаза эки бөлөк: эски редакциядагы кодексте ал 310-берене болуп, 6 айдан 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, жаңысында 327-беренеде 3 жылдан 5 жылга чейин абакка кесүү каралган. Ал буга чейинки инстанциялар бул жагдайды көз жаздымда калтырып, ишти толук изилдебегинин билдирди.

Ошондой эле ал Аскат Жетигендин видеокайрылуусунда айткан сөздөрүндө чакырыктар болгондугу боюнча эксперттерде ача пикир бар экенин белгиледи: эки экспертизанын жыйынтыгы чакырык жок десе, дагы экөө бар деп көрсөткөн. Бул учурда комиссиялык экспертиза өткөрүү зарыл.

Ага байланыштуу Матцаков аталган берене боюнча козголгон ишти кайра кароого жөнөтүп, толук изилдөөнү, видеокайрылуу качан тартылганын аныктоону жана комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү суранды.

Ал эми Нурбек Токтакунов Матцаковдун келтирген жүйөлөрүн колдоп, кесиптеши айткан процессуалдык мыйзам бузуулар ишти кайра кароого эмес, Аскат Жетигендин акталышына негиз болушу керектигин белгилеп, акынды актоону өтүндү.

Прокурор жактоочулардын жүйөлөрүнө макул болбой, Аскат Жетигенге чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип, соттук отурум 18-мартка саат 14:30га жылдырылганын билдирди.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

2024-жылы 15-мартта ал бийликти сындап, сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигенге акыркы сөз берилгенде ал адепсиздик кылганын, бирок кылмыш жасабаганын айткан.

«Адепсиздик кылдым, кылмыш эмес». Аскат Жетиген сотто акыркы сөз сүйлөдү (видео)

Exit mobile version