“Аскер Курулуш” ишканасы мамлекетке 2 млн 500 миң сом зыян келтирген

“Аскер Курулуш” ишканасы мамлекетке 2 млн 500 миң сом зыян келтирген

“Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында “Ганси” техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталган.

“Текшерүүдө белгилүү болгондой, “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>