Site icon Reporter.kg

Баткенде аскер кызматкери күзөт учурунда каза болду

Баткендеги №35524 аскер бөлүгүндө куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен аскер кызматкери каза болду.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аскер күзөт учурунда каза болгон.

«Окуянын себептери иликтенип жатат. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version