Кыргызстандын аскер кызматкери Бекболот Абдымалик уулу кыргыз элине жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, уулунун дарылануусуна акча топтоого жардам берүүнү суранды.
Абдымалик уулунун айтымында, ал Коргоо министрлигинин №92840 аскер бөлүгүндө 8 жылдан бери кызмат өтөйт. Кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштарга катышкан.
«Учурда өзүмдүн башыма оор сыноо келип, 4 жаштагы уулум Ахмад ак кан (рак) оорусу менен ооруп жатат. Онкологиялык ооруканада эки курс химиялык терапиядан өттүк. Бирок анын жыйынтыгы жакшы болбогондуктан, Түркияда операция жасатуу керек болуп жатат. Операцияга чоң суммадагы акча керек болгондуктан, сиздерге кайрылып жатам», — дейт ал.
Ал кыргыз элинен жана Камчыбек Ташиевден уулунун өмүрүн сактап калууга жардам сурады.
«Өзүм жалгыз уулмун. Ата-энем пенсияда. Убактыбыз өтө аз, көп каражат керек болуп жатат. 3-сентябрда Түркиядагы ооруканада болушубуз керек эле. Каражаттын жоктугуна байланыштуу Бишкекте калдык. Убакыт өткөн сайын баланын абалы оорлоп баратат. Колуңуздардан келген жардамды берүүңүздөрдү суранам», — дейт ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн маалымат:
МБанк: +996 556 52 52 13
Оптима Банк: +996 774 31 16 86