Аскер кызматына күзгү чакыруу башталды, — сүрөттөр

Аскер кызматына күзгү чакыруу башталды, — сүрөттөр

Ички коопсуздуктун аскер кызматына күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрдан баштап ИИМдин ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.

Жаңыдан чакырылгандар аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон өткөн.

Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМдин ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүктөргө бөлүштүрүлөт.

[su_image_carousel source=»media: 40899,40900,40901,40902,40903,40904″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>