Site icon Reporter.kg

Аскер прокуратурасы Октябрь райондук тергөө бөлүмүнүн башчысын кармады

МВД, милиция

Аскер прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Таалай Молдогазиевди кармады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге көзөмөл органындагы өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, Молдогазиев 15-ноябрда алдамчылыкка шектелген Асыл Турапованын иши боюнча Аскердик прокуратурага суракка чакырылып, андан соң кармалган.

Эскерте кетсек, Турапованын иши боюнча Октябрь РИИБдин башчысы Улан Аалиев жана РИИБдин бир катар кызматкерлери кармалган.

Exit mobile version