Аскер прокурору: Курсан Асановдун баласы атайын Өзбекстанга качып кеткен

Аскер прокурору: Курсан Асановдун баласы атайын Өзбекстанга качып кеткен

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баласы Мухаммед-Али Оштогу  «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү посту аркылуу Өзбекстанга качып кеткен.

Бул тууралуу  Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев  комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Курсан Асановдун баласы  окууга кетпей эле чындыгында качып кеткен. Качып жаткан убакта шектүү эмес болчу, бирок  көрсөтмөлөр ошого бараткан.  Ага карата тийиштүү далилдер бар болгондуктан  ал ушундай шартка барып, качып кетти”, — деди  Набиев.

Август айында Башкы прокуратура Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго карата камакка алуу чечимин чыгарып, ага  издөө жарыялаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>