Site icon Reporter.kg

Аскер прокурору: Жыштык сатуудагы коррупция боюнча беш киши камакка алынды

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын 2019-жылдагы отчёту угулуп жаткан учурда депутат Жанар Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурап, аскер прокурору Нуркамал Набиевге кайрылды.

Нуркамал Набиев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын билдирди.

«Өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн мен бардык жагдайларды айта албайм. Келтирилген чыгым такталып жатат», — деди аскер прокурору.

Депутат Акаев бул иштин чуулгандуу экенин эске салып, кеп миллиарддаган сом жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, коомчулукка эртерээк ачык маалымат берүүгө прокуратураны чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-мартта парламенттин ортоңку трибунасында Жанар Акаев аталган ишке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси жок экенин далилдеши керек экенин айткан.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова ушул жылдын 12-майында Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кармалган.

“7-апрелде сотко чейинки териштирүү быйыл башталып,  12-май күнү Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Ал уюлдук байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш комитеттин жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып, байланыш операторунун кайра каттоодо мыйзам бузууларга жол берген”, – деген айып коюлган.

Черногубова учурда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында. Ал 11-май күнү кызматтан кеткен.

Exit mobile version