Аскерге чакыртылган жоокерлер 14 күн карантинге алынат

Аскерге чакыртылган жоокерлер 14 күн карантинге алынат

Аскерге чакыртылган жаш жоокерлер аскердик бөлүктөргө баргандан кийин 14 күн карантинге алынат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, учурда аскер комиссариаттар коронавируска каршы санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

“Аскерге чакыртылгандар медициналык бет кап жана антисептиктер менен камсыз болушту. Ар бир чакыртылган бала коронавируска каршы анализ тапшырат”, — деп айылат маалыматта.

Коргоо иштери боюнча комитеттен кошумчалагандай, жаш жоокерлердин ант берүү аземи алардын ата-энеси жана жакындарынын катышуусуз өтөт.

Белгилей кетсек, март айынын соңунда коронавирус пандемиясына байланыштуу жазгы аскерге чакыруу убактылуу токтотулган болчу.

11-майда Президент кол койгон жырлыктын негизинде, жазгы аскерге чакыруу жана  аскер кызматчыларын запаска бошотуу өнөктүгү кайра жанданган.

[su_image_carousel source=»media: 28383,28382,28381,28380,28379″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>