Site icon Reporter.kg

Асман шаарынын курулушу: 1000ден ашык милиционер иш алып барууда

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда жайгашкан Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.

ИИМден билдиришкендей, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000ден ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.

Асман эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү  болуп саналат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version