Асрандиев: Коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд сомду түзгөн насыяга каникул берди

Асрандиев: Коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд сомду түзгөн насыяга каникул берди

Коммерциялык банктар жалпы суммасы 52 млрд сомду түзгөн насыяга каникул берди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө каникул берүү сунушу менен банктарга жалпысынан 46 миң кайрылуу келип түшкөн. Ага ылайык, Улуттук банк тарабынан бардык коммерциялык банктарга үч айга чейин насыя каникулун берүү жана туум өстүрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

«Эгерде 3 ай ичинде насыя төлөнбөй калса, эч кандай пайыздык чен өспөйт. Пайыздарды жана башкы карызды төлөө кийинки айларга жылдырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>