Асрандиев: жыл башынан бери бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды

Асрандиев: жыл башынан бери бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды

2020-жылдын башынан бери бюджетке 14 миллиард сом бажы жана салык төлөмдөрү түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлдагы брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал буга башка өлкөлөрдүн чек аралары жабылып, жүк ташуу кыскарганын жана карантин киргизилип бизнестин чектөөгө кабылышы негизги себеп экенин айтты.

Ошондой эле Асрандиев бюджеттеги боштукту толтуруу үчүн кошумча резервдерди табуу боюнча атайын план иштелип чыкканын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд сом түшпөй калары алдын ала кабарланган. Өкмөт анын ордун эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатканын билдирген эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>