Казакстандын арзан баада кызмат көрсөткөн «FlyArystan» авиакомпаниясы Астана менен Бишкектин түз каттамдарын кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар ушул жылдын 2-майында ыңгайлуу «Airbus A320» учактары менен жумасына эки жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү жасалат. Борбор шаарлардын ортосундагы аралык 954 километрди түзөт, аны 1 саат 45 мүнөттө учуп өтүүгө болот.
Астанадан Бишкекке аба каттамдарды былтыр 23-июнда ачып, бирок кийин белгисиз себептерден улам токтоткон.