Site icon Reporter.kg

Астанада АӨИЧК VI саммитинин ачылышы өттү — сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле АӨИЧК конокторун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК Саммитинин ачылышы болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version