Site icon Reporter.kg

Астанада «Европа биримдиги – Борбор Азия» саммити өтөт

Казакстандын борбору Астана шаарында 27-октябрда «Европа биримдиги – Борбор Азия» саммити өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, аталган саммитке президент Шавкат Мирзиеев катышат.

Иш-чарада Европа биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташуусу, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Саммитке Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель катышат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version