Site icon Reporter.kg

Асылбек Жээнбеков бийликти алып түшүүгө каршы экенин билдирди

Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары чогулууда. 100дөн ашык киши топтолгон борбордук аянттагы акцияга лидер катары президенттин иниси Асылбек Жээнбеков чыгып, бийликти алып түшүүгө каршы экенин билдирди. Ал кырдаалды Конституциялык жол менен жөнгө салуу керек деген пикирди карманууда.

Митингге чыккандардын арасында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары жана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор бар.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Жогорку Кеңештин жана  УКМКнын имаратын басып алышты. 

 

Exit mobile version