Site icon Reporter.kg

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камактан чыкты

Асылбек Жээнбеков

Бүгүн, 9-декабрда камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту Reporter.kg’га тастыктады.

Жогорку Кеңеште атайын түзүлгөн комиссия эки депутатты жоопко тартууга макулдук берген эмес. Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо эл өкүлдөрү камактан бошотуларын билдирген.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» маселеси боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагында болчу.

Exit mobile version