Site icon Reporter.kg

Ат-Башы: Мал издегени кеткен тургундун жансыз денеси табылды

Ат-Башы районунда дайынсыз болуп жаткан жергиликтүу тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү 1975-жылы туулган К. уулу Ш. аттуу эркек киши Казыбек айыл аймагынын Чет-Келтебек тилкесине мал издегени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 11 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, аталган жарандын сөөгү Чет-Келтебек суудан табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version