Ат-Башы районунда карантин тартиби күчүндө

Ат-Башы районунда карантин тартиби күчүндө

Ат-Башы районунда карантин тартиби күчүндө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакта митинг, жыйналыштарды уюштурууга тыюу салынды. Эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди. Береке базарында саат 9:00дөн 14:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди.

Ат-Башы районунда коронавирус менен ооругандардын саны 77.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>