Ат-Башы районунда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти — сүрөттөр

Ат-Башы районунда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти — сүрөттөр

Кечээ, 8-апрель күнү саат 20:00дөн 23:00гө чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

Тилсиз жоонун кесепетинен турак жайлардын эле эмес, административдик имараттардын  чатырлары дагы кыйраган.

“Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен  9-апрель саат 17:00го карата 18 турак-жайдын 394 чарчы метр чатыры, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатыры керектен чыккан”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

[su_image_carousel source=»media: 25850,25851,25849,25848,25847,25846″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>