Ат-Башыда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн 3-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында болгон. Анда Ауди С4 жана “Тойота Ипсум” унаалары кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган.
Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгон адамды унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдарды ооруканага жеткиришкен.