Site icon Reporter.kg

Ат-Башыда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду

Ат-Башыда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн 3-февраль  күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында болгон. Анда Ауди С4 жана “Тойота Ипсум” унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгон адамды унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдарды ооруканага жеткиришкен.

Exit mobile version