Site icon Reporter.kg

Ат-Башыда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетин даярдоонун жана аткаруунун сакталышы боюнча аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Алсак, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 6 миллион 130,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар, ал эми 77,4 миң сомдун жетишсиздиги жана уурдоолору, ал эми 6 миллион 52,9 миң сомдук акча каражаттарын чыгымдоодо мыйзам бузуулар жана мүчүлүштүктөр аныкталган, анын ичинде:

2 млн 41,9 миң сомго негизсиз эмгек акы төлөө; материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу, анын ичинде 1 миллион 641,1 миц сомдук эсептик суммалар. Мындан тышкары, бюджеттин 29 млн 157,9 миң сомго резервдери жана жоготуулары аныкталып, 28 млн 94,8 миң сомдун орду толтурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version