Site icon Reporter.kg

Ат-Башыда эт комбинаты ачылат

Ат-Башыдагы эт комбинаты жакында ишке кирет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Анда бышырылган уй, жылкы, топоздун эттери, ошондой эле жарым-жартылай даяр продукциялар чыгат. Белгиленгендей, азыктарды чет өлкөлөргө сатуу аракети көрүлүүдө.

Эске салсак, комбинаттын курулуш иштери 2020-жылы башталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version