Ат-Башынын жаштары көк бөрүдөн утуп алган унаасын имамга белекке беришти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ат-Башы районунун айылдары арасында көк бөрү оюну өткөн. Анда, баш байгеге «Жигули» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа коюлуп, аны Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын жаштары утуп алышкан.
Көк бөрүчүлөр аталган унааны көп жылдан бери имамдык кылып келе жаткан Медер Турдубековго мечиттин иштерине пайдалануу үчүн беришкен.
[su_image_carousel source=»media: 49309,49310″ crop=»none» autoplay=»4″]