Site icon Reporter.kg

Ат-Башыда катуу шамалдан 5 адам жабыркап, ооруканага түштү

Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда 10-майда секундуна 12-24 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, катуу шамалдын кесепетинен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы айылындагы 2 кабаттуу турак үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектептин жылытуучу отканасынын, Кара-Суу айылындагы 1 турак үйдүн, Дыйкан айылында 2 турак үйдүн, Калинин айылындагы мектептин спорт залынын, Май-Булак тилкесиндеги 1 мечиттин жана 3 турак үйдүн чатырчалары зыянга учурады.

Мындан сырткары Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 кичинекей бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну шамалдын кесепетинен жабыр тартышып, райондук ооруканага жаткырылды.

Облус башчынын орун басары Шабдан Абдырайым Ат-Башы райондук ооруканасындагы жабыр тарткан жарандардан кабар алып, 2 жаш балага материалдык колдоо көрсөттү.

«Учурда 1 жаш 6 айлык бала жандандыруу бөлүмүнө, ал эми эжеси 8 класста окуган кыз хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда наристенин абалы оор. Ал эми эжесиники орто деп бааланууда. Ошондой эле катуу шамалдын кесепетинен Ача-Кайыңды айылынын тургуну турак үйдүн чатырын оңдойм деп кулап түшкөн. Учурда бейтап Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө, абалы оор. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version